«10 күндөн бери оозума эч нерсе ала элекмин». Тамада Эрнис Бөрүбаев ооруканада дарыланууда

Тамада Эрнис Бөрүбаев ден соолугу начарлап, учурда ооруканада дарыланууда. Күтүлбөгөн жерден аба жетпей ооруканага түшүп калганы тууралуу тамада СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

— Бир жарым жумадай болуп калды, ыктытып жатып эле бир маалда аба жетпей кыйналып баштадым. Анализдерди тапшырсам, ашказан жакта маселе бар экен. Дароо ооруканага жаткырышты. Дарыгерлер тамак-аш жегенге тыюу салышты. Ооруканага жатканыма 9-10 күн болуп калды. Ошондон бери оозума эч нерсе ала элекмин, тамчылатма менен гана суюктук берип жатышат. Мурункудай кенен басып-тура албайм, башым айланып, алсыз болуп турам.

Мурун кээде-кээде диета кармап турчумун. Ал, көрсө, болбогон эле нерсе экен. Эми гана ден соолуктун кадырын билдим. Өтүшүп кеткенче жүрө бербей, тынчымды алып жүргөндө эле дарыгерлерге кайрылсам болмок экен деп өкүнүп жатам.