«Кара. Кызыл. Сары» көркөм тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалынан «Эң мыкты тасма» сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу «Спутник» жазды.
Толук метраждуу фильм «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Режиссёру Актан Арым Кубат. Тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.
Кинофестиваль 13-22-июнда Шанхай шаарында өттү.