Кечээ, 2-июлда актриса Айпери Чотонова көз жарды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жазды.
«Кудайдын каалоосу менен ата-эне болдук. Биздин жашоодогу кыялыбыз ишке ашты»,- деп жазды ал.
Буга чейин жолдошу экөө «гендер пати» өткөргөн видеосун бөлүшкөн. Алар торттогу түстөн уулдуу болорун билишип, «уулум, сени күтүп жатабыз» деп жазган. Чотонова өткөн жылы дунган улутундагы жигитке турмушка чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram