Кечээ, 21-июнь күнү «Ынтымак-2» сейил багында интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын чыгармачылык кечеси өттү. Кыргыз эстрада ырчылары тойдон бошобой, концерт берүү планы экинчи планга жылып кеткен маалда Бегимай айымдын чыкканы музыкага суусап турган эл үчүн да жакшы табылга болду көрүнөт. Ырчылыкты кесип катары алып жүрбөсө да Бегимай Турусбекованын үнүн угууга келген көрүүчүлөр көп болду. Сиздерге SuperTV каналы дрон менен бийиктиктен тартылган кадрды тартуу кылабыз. Азыр айрым ырчылар бир күндө жылдызга айланган келиндей аудитория чогулта алабы-жокпу, айтуу кыйын.
Турмуш жолуна аттанып жаткан Айзада Жамгырчиева көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди
Алып баруучу Айзада Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасына сөйкө салуу салты болуп өткөнүн жазып, видео менен бөлүшкөн. Бүгүн, 19-апрелде соцтармактагы баракчасында көпчүлүктү...