Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев бир кезде чогуу иштешпей калган эле. Ийгиликтүү тандемдин тыныгуусуна эмне себеп болду? Бул тууралуу куудулдар айтып беришти.
Алар 5 жылдай чогуу иштешпей калганын айтышты.
«Баары эле экөөңөргө эмне болду эле деп сурашат. Ар ким чыгармачылыкта өзүнүн жашына, жашоо-шартына жараша болуп турат. Кудайбергенов саясий иштерге аралашып кетти. А мен саясат иштерине аралашпай, гастролго кеттим», — деди Тынар Курбаналиев.
«Чыгармачылыкта ушундай учур болот. Ар бир чыгармачыл адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүн элге көрсөтүшү керек болот. Мисалы, атын чыгарып концерт коюшу керек болот», — деди Кудайбергенов.