Баткенде бүгүн “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышат.
Расмий ачылыш 23-апрелде саат 10:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында болот. Ушул эле күнү Бишкекте “Коомдун руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасында эл аралык илимий конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.