Буга чейин таарынышып жүргөн ырчы Райкан Абдувалиева менен режиссёр Ырыс Жоомартова элдешти. Маалыматты Ырыс Жоомартова ырастады.
“Райкан экөөбүз эки айдан ашык убакыттан бери таарынышып, сүйлөшпөй жүрдүк. Ортобузда уруш-талаш, ушак-айың же жаман сөз болгон жок. Болгону чогуу иштөө үчүн бизнес баштаганбыз. Бирок иш баштала электе эле достукту сактап калууну көздөдүм. Ортодо акча бар жерде достук жоголуп кетпесин дедим. Тууган-урук, жоро-жолдош менен чогуу бизнес кылуу туура эмес экен, мамиле бузулат экен. Достугубуз сакталып калганы баарыбызды кубантты”, — дейт ал.