SEREPTV учурдун хити “Istedim” ырынын аткаруучусу, азербайжандык ырчы Роза Зергерли менен маектешти. Ал алып баруучунун суроолоруна жооп берип жатып, казакстандык ырчы Роза Рымбаева менен болгон биринчи жолугушуусу тууралуу айтып берди.
«Мен Роза Рымбаева менен биринчи жолу 2014-жылы жолуккам. Фестиваль Алматыда өткөн. Мен фестивалды ачып бергем, Роза Рымбаева жапкан. Ошондо биринчи жолу жолуккам. Мен ага чейин «кантип адам бир адамды кумир тутат?» деп ойлочумун, бирок Рымбаеваны көргөндө күйөрмандарды түшүндүм. Жанына барып сүйлөшүп, менин атымды анын ысымынан койгонун айттым. «Кечинде эмне кыласың?» деп сурады. Менин да ырчы экенимди, Азербайжандан чакырылганымды билчү да. Кечки тамактанууга бардык. Ошондон бери байланыштабыз, сүйлөшүп турабыз. Бирок Казакстандагы «Кызык премияда» күтүлбөгөн окуя болду. Чындыгында эле иш-чарага Рымбаеванын барарын билген эмесмин. Атайын келип, мени куттуктап кетет деп ойлогон да эмесмин. Андагы видео калп айтпасам, дүйнөгө тарап кетти окшойт. Атымды Роза Рымбаеванын атынан койгону мен үчүн сыймык», — деди ал.