SEREPTV учурдун хити “Istedim” ырынын аткаруучусу, азербайжандык ырчы Роза Зергерли менен маектешти. Ал 2-май — экинчи туулган күнү экенин айтып, Кудай ага жашоого экинчи мүмкүнчүлүк бергенин айтты.
«Ар бир адам иш кыларда аракет кылат, болгон күчүн жумшайт. Мен муну кылдым, же тигини кылдым дегим келбейт. Жашоо татаал, ошонусу менен кызык. Экинчи май — менин экинчи туулган күнүм дегеним, 2 жыл мурун операция кылышты. 1 айдан ашык убакыт ооруканада жаттым. Бир жумадан ашык комада жатып калдым. Өзүмө келгенде, бул күндү белгилөө керек экенин билдим. Анткени дал ушул күнү Кудай мага дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Кудай мага ушул күндөрдү көрсүн деп экинчи мүмкүнчүлүк берди деп ойлойм. Демек, менин миссиям аяктай элек, аяктаганда мүмкүнчүлүк бербейт», — деди ал.