Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев КФБнын колдоосу менен тартылган «Чемпион» кинотасмасының жабык көрсөтүүсүнө катышты.
Фильм футболду сүйгөн жаштарды, мекенди сүйүүгө, ата-энеге урмат кылууга жана кыргыз элинин биримдигин көрсөтүүгө чакырат. Тасманын максаты — кыргыз футболунун келечегине жана өлкөнүн биримдигине үмүт арттыруу. Тасманын режиссеру Эрмек Казыбеков, продюсерлери Жыргалбек Кеней жана Болот Сагынаев.