“МузАман” тобунун солисти, ырчы Аксай Мукамбет уулу жеке концертин тартуулоо алдында турат. Бул тууралуу ал SUPERTV`га билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.
“Жеңиш күнүнө карата 8-майда жеке концертимди коюу алдында турам. Концертте кыргыз жана орус тилинде согуш ырлары басымдуулук кылат. Андан сырткары жүрөккө жакын чыгармаларды да аткарам. Бардык ырларды оркестрдин коштоосунда жандуу ырдайм. Буга чейин 2017-2018-жылы катары менен жеке концертимди тартуулагам. Былтыр карантинге байланыштуу коё албай калгам, быйыл карантин болбосо экен деп тиленип жатам”, — деди ал.
Ошондой эле, бул анын жеке концерти экенин баса белгилеп, “МузАман” тобуна тиешеси жок экенин кошумчалады.
“Мен “МузАман” тобунда солист, андан сырткары Кыргыз Улуттук Филармониясынын ырчысымын. Бул менин жеке концертим. Бирок аталган топто ырдоону токтотпойм”, — деди ал.