Режиссёр Жеймс Кэмерон тарткан «Титаник» тасмасынын 25 жылдык юбилейине арналган жаңыланган версиясы экранга чыгары маалым болду.
Аталган тасманын жаңыланган версиясы 3D 4K HDR форматта, 2023-жылдын 14-февраль — Сүйүшкөндөр күнүнө карата чыкмакчы.
Кейт Уинслет менен Леонардо Ди Каприону дүйнөлүк жылдызга айланткан тасма 1997-жылы экранга чыккан. Тасма жалпы 11 «Оскар» сыйлыгын алган. «Аватар» тасмасы чыкканга чейин дүйнөдөгү кирешелүү кассалык тасмалардын сап башында турган. «Титаник» сатыктан жалпы 2,2 миллиард доллар киреше тапканы маалым.