Ырчы Мадияр Русланов менен актриса Айгерим Саматова ак өргөөлүү болушту. Мындай сүйүнүчтүү кабарын актриса айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Сүйүнчү! Биз ак өргөөлүү болдук. Мындай жаңылыкты сиздер менен бөлүшпөй коё албайбыз. Бул ийгиликке «сен, мен, меники же сеники дебей, экөөбүздүкү» деп кабыл алуубуздун артында жеттик. Эки адам дайыма бири-биринин кызыкчылыгын сыйлап, качан гана түшүнүшүүгө барса, бири-бирине нааразычылыгы жок болсо, бири-бирин моралдык жактан колдосо, эрегишип, атаандашуу болбосо, а аял болсо, эркек тапсын, кылсын деп жалгыз түртүп койбосо, мына ошондо табылган акча үйгө береке болуп кирет экен.
Эки адамдын ырыскысы бат чогулат. Бирок айтып өткөндөй эле эки адам үй-бүлөнүн бекем болуусу үчүн дайыма өзүнүн үстүнөн иштеп, курмандыктарга барса, Кудай чын ниет кылгандарга берет. Үй-бүлөдө мен же сен эмес, экөөбүз деген сөз көп болсун», — деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram