Дагестандагы Каспийск шаарындагы ооруканага крандагы сууга ууланган 20дан ашык адам түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«23-февралда Каспийск шаардык ооруканасына 21 адам инфекцияга (курч ичеги-карын инфекциясы) шектүү деп кайрылышкан. Анын 19у 3 айлык наристеден 14 жашка чейинки балдар. Уулануунун негизги белгилери: ысытма, жүрөк айлануу жана кусуу болгон. 21-22-февраль күндөрү шаардын борбордук суу менен камсыздоо тутумунан келген суу санитардык талаптарга жооп берген эмес, ошол себептен Каспийдин жашоочуларынан аталган инфекцияга кабылгандардын саны өскөн”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул окуядан кийин Роспотребнадзордун аймактык башкармалыгы жана Каспийск шаарынын администрациясы калкка күнүмдүк турмушта бөтөлкөдөгү сууну гана колдонууну суранып кайрылышкан.