Кыргызстанга 2025-жылдын 1-январына чейин гана алып келинген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат, андан кийин алып келингендерге документ берилбейт.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин жобосу чыкты. Ага ылайык, унаанын ээси мамлекеттик алымды төлөшү керек жана машинаны техпаспортто көрсөтүлгөн гана адам айдоого укуктуу. Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта мыйзамдаштырыла баштайт.