20-июндан 22-июнга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз, «112» бирдиктүү кызматына билдириңиз.