Эртең, 7-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;
Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;
Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.