Бүгүн, 11-февраль Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында Бишкектеги жылуулук түйүндөрүн толугу менен алмаштыруу үчүн 900 миллион доллардай каражат керектелээрин вице-мэр Таалайбек Байгазиев айтты.
Анын айтымында, борбор калаадагы жылуулук түйүндөрүнүн 72 пайызы алмаштырууга муктаж. Сметага ылайык, тармактардын ар бир чакырымы 4,5 миллион доллар бүтөт.
«Бишкек жылуулук түйүндөрүн толугу менен алмаштырууга 900 миллион доллардай каражат керектелет. Бирок, бизде андай акча жок», — деди Байгазиев.
Депутат Алишер Козуев жылуулук менен камсыздоону жакшыртууга 31 миллион доллар алынганына карабай, кийин эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан дагы 6,9 миллион доллар кредит алынган себебин сурады. Вице-мэр долбоордун сметасы 2020-жылы эсептелгенин, андан бери курулуш материалдары кымбаттап, доллардын курсу өзгөргөнүн айтты. Ошондуктан дагы 6,9 миллион доллар алуу зарылдыгы келип чыкканын кошумчалады. Бирок андан 2,4 миллион доллар үнөмдөлгөн. Мэрия бул каражаттын бир бөлүгүнө атайын техникаларды сатып алууга жумшоого ниеттенип жатат.
1969-жылы курулуп, бир бөлүгү 1985-жылы кошулган. Бишкек ЖЭБи 5025 имаратты жылуулук менен камсыздайт.