Көмүр казуучу компаниялар менен түз иштешүүгө макул эместигин билдиришип, айдоочулар “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын алдына чогулушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова кабарлады.
Анын айтымында, мамлекеттик тендерден уткан көмүр казуучу компаниялар аны жеткирүүчү айдоочуларга арзан тариф менен ташытып жатышат. Андыктан алар компания менен эмес, “Кыргыз көмүр” менен түз келишим түзүп иштешүүнү талап кылышууда.
“Учурда ишкананын директору менен жолугуп сүйлөшүүдө. Алар түздөн-түз “Кыргыз көмүр» менен иштешкиси келип жатыптыр. Бул өкмөт койгон талап, биз аны аткарышыбыз керек. Бирок ишкананын директору Канатбек Аширбаев өкмөткө кат жөнөтүп, айдоочулар менен түз иштешүүнү, белгилүү бир тарифти коюп берүүнү өтүндү”, — деди ал.