Кечээ, 15-октябрда ЭлТР телеканалы ИИМ менен биргеликте «Айсулууну кордоп өлтүргөн зөөкүрдүн буга чейинки кылмыштары» деген видео жарыялаган. Ошондой эле бул боюнча президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков да пост жазган.
«17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалган К.Абдыровдун буга чейинки кылмыштары тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Анын аракети менен 6 кылмыш боюнча маалымат чогулган. Төрт кыз өлтүрүлгөн, бир кызды арматура менен башына чаап тоноп кеткен. 1 кызды зордуктоого аракет кылып, андан соң колун байлап, башын таш менен жанчып, өлтүрдүм деп ойлогондон кийин каналга таштап салган. Бактыга жараша кыз аман калып, бул кылмыштын алкагында К.Абдыров кармалган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту ишти карап чыгып, шектүү К.Абдыровду адам өлтүрүү аракети боюнча күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн режимде 12 жылга эркинен ажыраткан. Кийин, 2016-жылдын 11-февралында Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы Октябрь райондук соттун чечимин өзгөртүшкөн. Башкача айтканда, адам өлтүрүүгө айыпталып 12 жылга соттолгон кылмышкерди адам өлтүрүүгө аракет кылган эмес, тоноого аракет жасаган деп таап, 12 жылдык жаза мөөнөтүн 7 жылга кыскартышкан», — деп жазган. Ал эми телеканал судьялардын сүрөтүн жарыялаган. Алардын бири Кайсын Абакиров болчу.
Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына бул боюнча үн катты. «Эскерте кетейин, мыйзамга ылайык ар бир адам, анын ичинде судья да күнөөсүздүк презумпциясына жана өзүнүн ишкердик беделин коргоого укуктуу. Коомдук мейкиндикте коюлган айыптар бекем далилдерге ээ болууга жана мыйзамда белгиленген тартипте ырасталууга тийиш, өзгөчө сот корпусунун өкүлдөрүнө карата.
Ооба, мен Кайсын Абакиров соттук коллегиянын мүчөсү болчумун жана Бишкек шаардык сотунун К.Абдыровго карата 2016-жылдын 12-майындагы өкүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кабыл алынганын жана судьялар чечимди кабыл алууда мыйзамды жана иште болгон материалдарды, атап айтканда, жабырлануучунун пикирин, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун, мамлекеттик айыптоочунун пикирин, ошондой эле кылмыш ишинин башка материалдарын гана жетекчиликке алгандыгын жана азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн өкүм мыйзамдуу күчкө ээ экендигин жана эч ким тарабынан даттанылбагандыгын билдирем.
2020-жылы бул кылмыш иши боюнча чечим кабыл алган судьялар коррупция үчүн иштен алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана кылдат текшерүүнү талап кылат. Биз кылмышкердин колунан жапа чеккен бардык жакындарына жана алардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана резонанс жараткан үч жаш кыздын жана К.Дүйшөбаеванын өлтүрүүсү 2015-жылга чейин жасалгандыгын белгилейбиз.
Азыркы учурда ИИМ ачылбаган өзгөчө оор кылмыштар үчүн күнөөнү сот корпусуна жүктөп, ошону менен коомчулуктун жана Кыргыз Республикасынын президентинин алдында акталгысы келип жаткандай таасир калтырууда», — деп жазды ал.










