Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби комитетинин жыйынында вице-мэр Жамалбек Ырсалиев 5 метрдей клен сатылып алынганын, алар кыйылган теректердин ордуна отургузула турганын билдирди.
«Кыйылган бак-дарактар «Бишкек жашыл чарбанын» аймагынан чогултулат. Алардын айрымдары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун катары берилет. Калганы шаардын чарбалык муктаждыктарына жумшалат», — деди.
Ырсалиев катуу шамал учурунда эски бак-дарактардын айрымдары кулап, зыян келтирерин, азыр ыйлап жаткандар кубанышарын айтты.
Депутат Айсулуу Мамашова вице-мэрге «Чыңгыз Айматов проспектисинде кыйылган теректердин ордуна жаңы бактар отургузулабы?» деп суроо салган эле.