Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Депутат Дастан Бекешев баштаган эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселени кароону сунуштап, күн тартибине киргизүүнү сунушташты.
Алардын айтымында, ИИМ министри бул окуя боюнча маалымат бериши керек.
Бул сунушту төрага Талант Мамытов колдоп, депутаттардын добуш берүүсү менен бул маселе күн тартибине киргизилди.







