Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, изделип жаткан 13 жаштагы баланын сөөгү бүгүн, 16-майда саат 12:55те табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
15-майда 2013-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн. Бүгүн экинчи күнкү издөө ишине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, ИИМдин Ички аскерлеринен 209 кызматкер, туугандарынан 24 адам, жалпы 254 адам тартылып, издөө иштери жүрүп жаткан.