Акыркы суткада 931 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 931 адамдан коронавирус аныкталды. Мындай көрсөткүч өткөн жылдын «каргашалуу июль» деп атыккан мезгилинен бери каттала элек болчу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 435, Ош – 147, Чүй облусу – 129, Ош облусу – 93, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 27, Жалал-Абад облусу – 50, Баткен облусу – 41 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 116 миң 546 адамга жетти.

Соңку суткада 8 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун бешөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда, бирөө Ошто катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 945 адамды түздү.