24-февралга карата коронавирус жуктурган 24 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда — 3, Нарында — 4, Баткенде — 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде оорудан каза болгондор катталган жок.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 25 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 460 адам өмүрү менен кош айтышты.