Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кечээ, 17-февралда жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен болгон жолугушууда шаардын «Тазалык» ишканасынын кызматы үчүн окуу жайлар студенттер төккөн контракттын эсебинен шаар казынасына азыркыдан көп каражат төлөшү керектигин билдирген.
«Силер милдеттүүсүңөр, этин жеп, сөөгүн бизге ыргытып коёсуңарбы? Ар бир студенттен 40-50 миңден контракт аласыңар. Анан ким алардын таштандысын тазалаш керек? Казынага бергиле, агай. Студенттердин чөнтөгүнөн деп айткан жокмун. Контракттын эсебинен, сиздер төлөшүңүздөр керек. Агай, сиз которуп коюңуз казынага, мен андан шаарды өнүктүрөм, таштанды челектерди коём, техникаларды алышым керек», — деди мэр.