Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде бир тараптуу каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 2-июнь күнү кечки саат 19:30-20:00 аралыгында жолдун 241-242-чакырымдарында тоо боорунан көчкү түшүп, жолду жаап калган. Жерине дароо № 24 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылган. Тынымсыз тазалоонун натыйжасында түнкү саат 01:30дар чамасында бир тараптуу каттам берилип, туруп калган унаалар өткөрүлгөн.