Кечээ, 12-мартта оюн учурунда каза болгон «Бөрүлү» командасынын капитаны Мирлан Сражидиновдун берген акыркы маегинде журналисттин «эгер бирөө менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү болсо, ким менен сүйлөшмөксүз?» деген суроосуна атасы менен сүйлөшүп, ага «сагындым» деп айтмак экенин билдирген.
«Атам мен 6-класста окуп жүргөндө каза болгон. Сагындым деп айтмакмын. Кичинекей кезимде байкелерден «менин атам улакты кандай тартчу эле» деп сурачумун. «Кыйын болчу» дешчү. Атамдай болом деп максат койгом», — деген ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram