«Белинен кармап, мойнунан жыттаган». Автобуста жаш кыздарга ыдык көрсөткөн эркекке карата аракетсиздиги үчүн ата-энелер милицияга нааразы.
Социалдык тармактарда автобуста мектеп окуучуларынын артына туруп, жаш кыздардын белинен кучактап, мойнуна жыттап жаткан кишинин видеосу тараган. Видеодогу окуя жай айларында болгонун көрүүгө болот.
Окуучу кыздар үйүнө барып ата-энелерине айтышкан. Кыздардын биринин атасы автобустун көзөмөл камераларынан видеону алып, милицияга барып арыз жазган. Бул боюнча ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык болгон эмес.