«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Учурда өлкөдө жол курууда колдонулуп жаткан ыкмалар эскирген. Мындай көрүнүш заманбап технологияларды жана жаңы курулуш жабдууларын колдонууга тоскоолдук жаратып, иштин сапатына терс таасиринин тийгизип, курулуш мөөнөтүнүн кечеңдешине алып келүүдө. Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында депутат Кубанычбек Самаков тарабынан мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоору жаңы технологияларды колдонууга жол ачат. Тендерлердин адилет өтүшүнө жардам берет жана чыгымдарды так жана ачык эсептөөгө шарт түзөт.