Уларбек Тентиев 43 жашта, анын иниси Бакыт Тентиев 38де. Бир туугандардын экөөнүн тең тубаса акыл-эс жагынан майыптыгы бар. Мындан улам, билим алышкан эмес, үй-бүлө да курушкан эмес. Дайыма бир адамдын көзөмөлүндө болушу керек. Ошондуктан, аларды 70ке таяп калган ата-энеси багат. Кирин жууп, тамагын жасап, алтургай мончого алып барып жуунтуу да ата-энесинин моюнунда. Үй-бүлө Кемин районундагы Шабдан айылында жашайт. Бул ирет дал ушул үй-бүлөнүн баянын чагылдырабыз.
«Трактор айдап жүргөндө ушул тамды алгам. Такыр үй сала албай койдум. Булардын ден соолугу чың болсо, үйлөнүп, окуп же Орусияга иштегени кетет беле. Окушкан жок. Мектепке барган жок. Араң пенсия чыгарганбыз. Азыр 6 миң 300 сомдон берет. Акчаны бут кийимине, тамак-ашына деп эле жашап жатабыз», — деди аксакал.
«Баары эле үйлөнтүп кой дешет. Кызды кайдан тапмак элек? Үйлөнө турган болсо жакшы эле болмок да. Майыптыгы барлар жашаган жерге бергенге жүрөгүм чыдабайт. Кантем мен? Мен өзүм багам», — деди майыптыгы бар балдардын атасы.