Балыкчыда тепловоз темир жолдун жанына токтотулган унааларды сүзүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, машинист унааларды көргөнү менен тормоз берүүгө жетишпей калган. Окуядан адамдар жабыркаган жок, бирок унааларга олуттуу зыян келген.
Окуянын күбөлөрүнүн бири: «Биздин Балыкчынын унааларын оңой ойлобогула. Поезд менен сүзүшө башташты. Мына бул «семерка» (ВАЗ-2107) кыйын экен. Поездди токтотуп койду окшойт!» — деп тамашалуу комментарий берген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram