Социалдык тармактын колдонуучулары Баткен аэропортунда тартылган сүрөт жарыялап, кызуу талкууга алып жатышат. «Акча чогултуп, Баткенге бир трап алып берет окшойбуз» деп жазган интернет колдонуучулардын бири.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аэропорттон сүрөт боюнча комментарий беришти.
«Сүрөттө «Tez Jet» компаниясына таандык учактын отуруучу тепкичтери көрсөтүлгөн. Учактын борттогу тепкичи — аба кемесинин жабдууларынын курамына кирген тепкич. Ал аэродромдордо жүргүнчүлөрдү кадимки тепкичти колдонбостон түшүрүү жана салуу үчүн колдонулат. Сүрөттө көрсөтүлгөн жүргүнчүлөрдү түшүрүү учактын алдыңкы бөлүгүнөн борт тепкичинин жардамы менен ишке ашырылган. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр учактын арткы бөлүгүнөн Баткен эл аралык аэропортунун адистештирилген тепкчинин жардамы менен түшүшкөн. Жүргүнчүлөрдү учакка отургузуу тепкичтери аркылуу түшүрүү Tez Jet авиакомпаниясынын жеке демилгеси. Чоң эмес учактардын алдыңкы бөлүгүнөн жүргүнчүлөрдү түшүрүү тепкичтердин жардамы менен гана ишке ашырылат», — дешти.