Буга чейин социалдык тармактарда «Мага тапанча такап, колумду бычак менен кести» деген баланын видеосу тараган. Чүй ОИИБ маалымат берип, Сокулук РИИБге арыз түшкөнүн билдирди.
«2-июнда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө беткап кийген белгисиз адамдар өспүрүмдүн колун кесип салышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Жерине барган милиция төмөнкүлөрдү аныктады. Сокулук айылынын 2014-жылы туулган тургуну камышты кайчы менен кесип ойноп жатып колун кесип алган. Канды токтото албай, үйүнө барган. Апасынан коркуп беткап кийген адамдар кескенин айтып, алдаган. Апасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан»,- деп айтылат маалыматта.