Жекшемби, 18.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бир катар округдарда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Алар кайсылар?

21:54 05.12.2025
0
Бир катар округдарда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Алар кайсылар?

30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо бир катар округдан мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу  президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков маалымдады.

— Бийлик шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын эскертип, талапкерлерге добуш сатып албоону, ал эми шайлоочулардан добуш сатпоону катуу талап кылган. Эгер мыйзам бузуу фактылары катталса, ошол шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылаары дагы айтылган. Ага карабастан, шайлоо учурунда бир топ мыйзам бузуулар орун алып, көп фактылар катталды.

Массалык мыйзам бузуу аныкталган №13 округда шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалаары айтылды. Көп добуш чогултуп мандат ала турган үч талапкер четтетилди. БШКнын чечимине ылайык, кийинки шайлоого бул округдан катышкан мурдагы талапкерлер кайрадан катыша албай турганы айтылды.

Мыйзам бузуулар башка аймактарда дагы болгон. Шайлоонун эртеси эле ар кандай далилдер тиркелген видеолор социалдык байланыш тармактарында жарыяланып жатты. Алардын бири, №8 округдун №5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео элдин талкуусунда калды. Анда, пачкалап акча таратып жаткандарды видеого тартып алышкан.

Мындай фактылар коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Эл арасында “ушул кантип таза шайлоо болсун, добуштарды оптом эле сатып алган тура”, – деген пикирлер айтылып жатты. Бул окуядан кийин Аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алышкан.

Ошондой эле келип түшкөн арыздардын негизинде, Аймактык комиссиянын чечими менен 26-округдун №7030, №7029 жана №7028 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Мындан тышкары, массалык мыйзам бузуу, добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган 9-округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги тиешелүү материалдарды каттап, алардын негизинде иш жүргүзүп жатат. Аларга дагы мыйзам чегинде укуктук баа берилет. Интернетте жарыяланган фактылардан тышкары, Ички иштер министрлигине келип түшкөн башка фактылар, материалдар бар.

Шайлоо комиссияснын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылылышы менен, шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга сөзсүз саясий боёк берип, шайлоочулардын сезими менен ойногондор дагы чыгышы мүмкүн. Бирок, бир чындык бар – ал, шайлоону таза өткөрүү принциптерине каршы келген фактыларга эч ким көз жумбайт. Бийлик өз же өзгө деп бөлбөйт, мыйзам бузулган факты болсо, эч кимди аябайт”, — деп жазды ал.

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

Ошто 17 магнит жутуп алган  2 жаштагы балага ийгиликтүү операция  жасалды

Ошто 17 магнит жутуп алган 2 жаштагы балага ийгиликтүү операция жасалды

Автор Айзада Тураркулова
12:59 17.01.2026
1

Ошто 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган. Бул тууралуу Ош облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка...

Мэрия:  «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

Мэрия: «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

Автор Айзада Тураркулова
09:26 17.01.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №87-мектепте мугалим окуучуну урган окуя боюнча текшерүүнү аяктаганын билдирди. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия...

Акыйкатчы чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармоо борборунда кор болушканын айтып чыкты

Акыйкатчы чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармоо борборунда кор болушканын айтып чыкты

Автор Гүлжамал Абылкасымова
16:46 16.01.2026
2

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусундагы чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун (мурдагы “Ганси” аскердик базасынын) шартына...

Бишкекте күрөөкана тармагынын ээси кармалды

Бишкекте күрөөкана тармагынын ээси кармалды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
10:57 16.01.2026
0

УКМК тарабынан ири сүткор жана күрөөкана тармагынын ээси С.М.А.нын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Аталган жаран каржылык кыйынчылыкка туш болгон жарандарга...

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштурууга 336 миллион сом бөлүндү

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштурууга 336 миллион сом бөлүндү

Автор Айзада Тураркулова
16:44 15.01.2026
1

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекет 336 миллион сом бөлдү. Бул оюндар Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Көрсөтүлгөн сумма демөөрчүлүк...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мэрия:  «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

Мэрия: «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

09:26 17.01.2026
Ошто 17 магнит жутуп алган  2 жаштагы балага ийгиликтүү операция  жасалды

Ошто 17 магнит жутуп алган 2 жаштагы балага ийгиликтүү операция жасалды

12:59 17.01.2026
Ошто 17 магнит жутуп алган  2 жаштагы балага ийгиликтүү операция  жасалды

Ошто 17 магнит жутуп алган 2 жаштагы балага ийгиликтүү операция жасалды

1
Ошто 17 магнит жутуп алган  2 жаштагы балага ийгиликтүү операция  жасалды

Ошто 17 магнит жутуп алган 2 жаштагы балага ийгиликтүү операция жасалды

12:59 17.01.2026
Мэрия:  «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

Мэрия: «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

09:26 17.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү