Депутат Марат Мураталиев каза болду делип, бирок табылбай жаткан Дастан Анарбеков тууралуу парламентте кеп козгоду.
«Анарбеков Дастан деген балабыз азыр жок болуп жатат. ДНК-анализин аныктоого жарым ай болуп калды. Ушуну тездетсек жакшы болмок. «Камуфляжын бериптир» деп апасы ыйлап жатат. Ооруканада бир сөөк жатат дешти. Ошону көргүлө дептир. Айылда эл чогулуп жатат»,- деди ал.
- Талас облусунун кулуну, Баткенде кызмат өтөп жүргөн Дастан Анарбеков учурда дайынсыз болууда. «15-сентябрь күнү кечинде Дастанды каза болду, сөөгүн алып кеткиле деп бизге кабарлашкан. Бирок сөөк башка баланыкы экен. Ошондон бери тирүү же өлүгүн биле албай жүрөгүбүз ордунда эмес. Инимди тиешелүү органдар издеп жатабыз деп жатышат, бирок азырга чейин маалымат жок», — дейт эжеси. Белгилей кетсек, Дастандын сүрөтү каза болгон жоокерлердин арасына кошулуп коомчулукка жарыяланып кеткен. Жакындары дагы деле инисинин дайынын таппай жатканын айтышат.