Шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде Бишкек — Ала-Арча жарым-жартылай экспресс каттамы кайрадан өз ишин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жарым-жартылай экспресс каттамынын акыркы аялдамалары Бишкек шаарынын Усубалиев атындагы эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында орун алган.
Иш убактысы 08:00-19:00 чейин, ал эми төлөм жүргүзүү накталай болсо 50 сом, накталай эмес болсо 40 сомду түзөт.
Аталган Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамын 12 метрлик заманбап Исузу автобустары тейлейт.