Муниципалитет тараткан видеодон автобустун ичине адамдар тапичкеден бери калтырып кетерин көрүүгө болот.
“Кагаздарды таштап салган. Тапичкелери калган. Бул жакка салфеткасын байлап кетишкен. Суусундук ичип бөтөлкөсүн таштап кеткен. Конфеттин кабыктары… Печенье жешкен. Түкүрүшкөн”, — деген видеонун автору.
Шаар бийлиги тазалык үчүн бир гана айдоочу же автобус жууган кызматкерлер эмес, жүргүнчүлөр да жоопкер экенин белгилеп, таштанды ыргытпоого чакырды.