Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюна 2000 түп тянь-шань карагайы отургузулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
29-январда аталган иш-чаранын алкагында мурда 500 түп ийне жалбырактуу, тянь-шань карагайы отургузулуп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган. Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолунун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу каралган.