Бишкекте №5 жана №14 троллейбустук каттам калыбына келтирилди

Бишкекте №5 жана №14 троллейбустук каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Кечээ, 29-мартта мэриянын басма сөз кызматы Шота Руставели көчөсүнүн кесилишиндеги жана «Жал» кичирайонундагы көмөк чордондо авария болуп, мындан улам №5 троллейбус убактылуу каттамын өзгөртүп, №14 троллейбус убактылуу ишин токтотконун кабарлаган.