3-июлда Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
22 жаштагы шаар тургуну кош бойлуулуктун 33-жумасында ооруканага түшкөн. Бул анын экинчи төрөтү. Үчөө тең кыздар.
«Бүгүнкү күнгө карата эненин жана ымыркайлардын абалы туруктуу. Аларга маска аркылуу СРАР ыкмасы менен респиратордук колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле интенсивдүү терапияга алынып, энтералдык азыктанууда»,- деп айтылат маалыматта.