Бишкекте жаранды 8,6 миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

9-август күнү Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жаран Кытай Эл Республикасынан Ли-9 үлгүсүндөгү унаа алып келип берүүгө жана андан ары биргелешкен бизнес кылуу шылтоосу менен 8 миллион 680 миң сом акча каражатын алып, убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча Бишкек ШИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган кармалган.