Социалдык тармактарда «Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу менмин» деген жигиттин видеосу тарады. Ал окуя тууралуу маалымат берип, унаанын ордуна акча бергенин айтты.
«Асфальт иштерин жүргүзүп жатканбыз. Ошол жерге кирип келип, баары башталды. «Байке, бул жерге киргенге болбойт, адамдар иштеп жатат» деп түшүндүрдүм. Ага карабай, айдап кирди. Артынан айдап келип дагы эскерттим. Жаман сөздөрдү уктум, жаман сөздөр айтылды. Анан экскаватор менен чаап салдым. Ал учурда унаада эч ким жок болчу. Көрсө унаа кыздыкы экен. Унаанын ордуна 13 миң доллар бердик. Тосмо арыз жазды. Азыр менин ишим боюнча сот өтүп жатат»,- деди ал.






