Кечээ, 16-октбярда социалдык тармактарда айдоочулар жолдун ортосунан мушташа кеткен видео тараган. Милиция маалымат таратып, факты катталып, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
«Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул окуяга тиешеси бар адамдардын жүргөн жерин аныктоого багытталган бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Видеодогу жарандарды Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 12/1 дареги боюнча райондук башкармалыктын Тергөө кызматына келүүсүн өтүнөт»,- деп айтылат маалыматта.







