Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун урматына 1 миң 418 шам жагылды (сүрөт)

Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 80 жылдыгына карата «Эскерүү шамы» акциясы өттү.

Катышуучулар шамдан «Биздин эсибизде» деген сөздү жазышты. Ал сөздү жазуу үчүн 1 миң 418 шам колдонулган — бул согуш ушунча күнгө созулганынан кабар берет. «365 ардагерлер фонду «Эскерүү шамы» өнөктүгүн алтынчы жолу өткөрүп жатат. Бул көптөгөн КМШ өлкөлөрүндө өтөт», — деди фонддун координатору.

Адатта, акция диктор Юрий Левитандын согуштун башталышы жөнүндө трагедиялуу жарыясынан жана бардык курман болгондорду бир мүнөт эскерүү менен башталат.