Социалдык тармактарда Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын залын ижарага алып пилатес курсун өткөргөндөр сынга алынган.
Видеодо көрүнүп тургандай, айымдар атайын көнүгүүлөрдү жандуу музыканын коштоосунда жасап жатканын көрүүгө болот. Бул боюнча Маданият министлиги маалымат берип, иш-чара театр тарабынан министрлик менен макулдашылбастан уюштурулганын билдирди.
«Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыктарынын негизинде театрдын жетекчилигине карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт. Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры министрликтин карамагындагы өз алдынча мамлекеттик мекеме болуп саналат. Театр концерттик жана репетициялык залдарын Уставына ылайык, белгиленген тартипте жана максаттуу пайдалануу менен гана ижарага берүүгө укуктуу. Министрлик академиялык маданий мекемелердин жогорку нукура статусун сактоо, алардын профессионалдык миссиясын өзгөртүүгө же мазмунун бурмалоого жол бербөө принциптерин бекем карманат», — деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











