«Бишкекгаз» ишканасы газ куурундагы оңдоо иштерине байланыштуу 6-7-февралга чейин айрым райондорго жаратылыш газын берүү убактылуу токтотула турганын билдирди.
Оңдоо иштери «Чыгыш 5» кичи районунун Мамбетов, Кийизбаева көчөлөрүндө жана Жал кичи районунун
Курчатов, Тыналиев, Миңжылкиев көчөлөрүндө жүргүзүлөт.
«Бишкекгаз» газ кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү мезгилинде абоненттерден энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү суранат.