Бишкектин Жибек Жолу көчөсү жасалбай эле жол жабык турабы?

Бишкектин Жибек Жолу көчөсү бир тарабы жабык турганы менен, асфальт төшөө иштери жүргүзүлбөй жатканына шаардыктардан нааразы пикирлер соцтармактарда айтылууда.

Кең жолдун жабык турганынан, ага жанаша өткөн бир нече жолдор туюк болуп, тыгын күнү бою созулууда дешет нааразы болгондор.

«Же баштабай койбой, же баштагандан кийин таштап койбой, жолду эртерээк ачышса болмок!» дешет ыңгайсыздыктан тажаган тургундар.