Шаршемби, 14.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

БШК 4 талапкерди каттоодон баш тартты

13:44 29.10.2025
0
БШК 4 талапкерди каттоодон баш тартты

Кечээ, 28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкерди каттоодон баш тартты. Алар экс депутаттар Шайлообек Атазов, Жалолидин Нурбаев жана Болотбек Дүйшеналиев менен дин ишмери Гүлсара Каримовал.

Талапкерлердин шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча БШКнын жумушчу тобу Шайлообек Атазовду уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары каттоодо 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тургандыгы аныкталды деп билдирди. Андан сырткары Атазов өткөн жылы Кыргызстандын чегинен тышкары 260 күн жүргөн деп аныктаган.

Ал эми №5 шайлоо округунан талапкер катары арыз берген Жалолидин Нурбаевди мурдагы кылмыш иштеринин кыскартылгандыгына байланыштуу каттоодон баш тартышкан. Маалыматка ылайык, Нурбаевге карата 2006- жана 2021-жылдары козголгон кылмыш иштери кыскартылган.

БШК Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоосуна дагы бир талапкерди каттоодон баш тартты. Ал №14 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиев. Аны куралдуу бандага тиешеси бар адам катары 14 жылдан бери каттоодо турган деп кабарлашты.

БШК каттоодон баш тарткандардын арасында дагы бир талапкер диний ишмердүүлүгү үчүн деп түшүндүрүлдү. Жумушчу топ №12 көп мандаттуу шайлоо округунан өзүн-өзү көрсөткөн Гүлсара Каримованын “Келечек Умма” диний уюмунун 2022-жылы мүдүрлүгүнө дайындалгандыгын аныктаган. Мындан сырткары Каримованын “Сыддык Мухаммед Балту” диний окуу борборунун директору кызматын 2023-жылдан 2025-жылга чейин аркалап келгени тастыкталган.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган жарандар укуксуз.

Бирок коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар жана жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар эсепке алынбаганда деп жазылган мыйзамда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

Суук түшөбү? Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

Суук түшөбү? Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:04 14.01.2026
0

Абанын температурасы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарынын ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Ушуга байланыштуу, электр жана...

Бишкек Royal Central Park кыймылсыз мүлк рыногун кайра баалоого кирүүдө жана алгачкы үч жылда бааны бекитүүнүн артыкчылыгы

Бишкек Royal Central Park кыймылсыз мүлк рыногун кайра баалоого кирүүдө жана алгачкы үч жылда бааны бекитүүнүн артыкчылыгы

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:52 14.01.2026
0

Экономика тез жана туруктуу өсүү фазасын көрсөтүп турган учурда, кыймылсыз мүлктүн баасы эмоциянын таасири менен эмес, рыноктун төлөө жөндөмдүүлүгүнө жана...

8-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:37 08.01.2026
6

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги жол тилкелеринде тайгак болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман...

Дүйнө «көрүнүштү» сатып алат, дубал гана эмес — Сингапурдан Дубайга чейинки премиум жашоо образынын тренди

Дүйнө «көрүнүштү» сатып алат, дубал гана эмес — Сингапурдан Дубайга чейинки премиум жашоо образынын тренди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:01 08.01.2026
0

Дүйнөлүк кыймылсыз мүлк рыногунда «көрүнүштү сатып алуу» тренди — уникалдуу панорамалар үчүн көбүрөөк төлөөгө даярдык — барган сайын айкын болууда....

Royal Central Park долбоорунун депозиттерди кабыл алуу иш-чарасы миңдеген кардарларды тартты

Royal Central Park долбоорунун депозиттерди кабыл алуу иш-чарасы миңдеген кардарларды тартты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:00 06.01.2026
0

Royal Central Park долбоорунун The Essence кварталындагы Y3 мунарасынын биринчи келечектүү ээлеринен ак ниет депозиттерин кабыл алуунун расмий күнү жандуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

14:48 14.01.2026
Бишкек Royal Central Park кыймылсыз мүлк рыногун кайра баалоого кирүүдө жана алгачкы үч жылда бааны бекитүүнүн артыкчылыгы

Бишкек Royal Central Park кыймылсыз мүлк рыногун кайра баалоого кирүүдө жана алгачкы үч жылда бааны бекитүүнүн артыкчылыгы

14:52 14.01.2026
Суук түшөбү? Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

Суук түшөбү? Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

15:04 14.01.2026
Суук түшөбү? Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

Суук түшөбү? Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

15:04 14.01.2026
Бишкек Royal Central Park кыймылсыз мүлк рыногун кайра баалоого кирүүдө жана алгачкы үч жылда бааны бекитүүнүн артыкчылыгы

Бишкек Royal Central Park кыймылсыз мүлк рыногун кайра баалоого кирүүдө жана алгачкы үч жылда бааны бекитүүнүн артыкчылыгы

14:52 14.01.2026
Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

14:48 14.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү