Бүгүн президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына келет. Бул тууралуу кечээ, 29-июнда парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Бүгүн парламенттин депутаттары жетинчи чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясынын жыйынтыктоочу жыйынын өткөрүшөт. Жыйында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришет.